Кытайдын Гуандун правинциясындагы темир жол бекетиндеги жүк өткөргөн рентген-лентадан жүккө кошулуп жүргүнчү кыз да өттү. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка караганда, Дунгуан темир жол бекетиндеги коопсуздук кызматкерлерине ишенбей тургандыгын айтып, жүк өткөрүүчү рентген-лентасынан кыз баштыгын кармап алып өткөн. Ал баштыктагы буюмдарым жоголуп кетет деп кооптонгон. Андагы кызматкерлер жүк текшерүүчү рентгенден өтүү саламаттыгына зыян келтириши мүмкүн экендигин айтып эскерткендигине жүргүнчү кыз ынанган эмес.
Кыздын баштыгында эмне бар экени анын айланасындагы жүргүнчүлөр үчүн табышмак боюнча калган. Көпчүлүк ал баштыгына ири суммадагы акча салышы мүмкүн деп божомолдошкон.