Кытай Эл Республикасында адамдын досу делген ит менен анын үч күчүгүнүн айкели жасалды. Кызыгы, айкел кардан жасалып, анын бийиктиги 20 метрди түзөт. Бул саамалык Кытайдагы Жаңы жылды тосуунун урматына жасалганын кытай басылмалары жазып чыгышты.
Масштабдуу композиция Кытайдын түндүк-чыгыш тарабындагы Шэньян шаарындагы "Кар жана муз дүйнөсү" паркында орун алган.
Иттин айкелин жасоого бир апта убакыт ичинде жүздөгөн чеберлердин эмгеги сарпталган. Көп эмгекти талап кылган композиция үчүн 60 миң куб метр кар керектелген. Айкелдин узундугу 120 метр, туурасы 30 метр, ал эми бийиктиги 20 метрди түзөт.