Түркиялык ырчы Таркан жакында ата боло турганын коомчулукка жарыялады

Түркиялык ырчы Таркан жакында ата болот. Бул тууралуу ал өзү социалдык тармактагы баракчасы аркылуу коомчулукка сүйүнчүлөдү.

"Бул тууралуу көптөгөн маалыматтар жазылып, ар кандай сөздөр болуп жатат. Бизден да күн сайын сурашат. Чынын айтсак да, жалган десек да ишенишпейт. Бирок бул чын, жакында ата болом. Мен аябай бактылуумун жана силер менен бул жакшы жаңылыкты бөлүшөйүн дедим" ,- деген билдирүү менен видео жүктөгөн.

Белгилей кетсек, Таркан үйлөнгөндөн бери массалык маалымат каражаттарында ал жакында ата боло тургандыгы тууралуу кептер айтылып келген. Бирок ырчы бул боюнча эч кандай билдирүү тараткан эмес.

Таркан - түрктөрдүн поп-музыкасынын ханзаадасы аталган ырчы. Ал "Dudu", "Cuppa", "Kuzu-kuzu" деген ырлары менен элге кеңири таанымал болгон.

Таркан жакында ата болот
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан