Кышкы Олимпиада оюндары: Төртүнчү мелдеш күнүнүн жыйынтыгы

Кечээ, 13-февралда Түштүк Кореянын Пйоңчаң шаарында өтүп жаткан Кышкы Олимпиада оюндарынын төртүнчү мелдеш күнү жыйынтыкталды.

Анда кышкы спорттун 6 түрү боюнча медалдар ойнотулуп, жеңүүчүлөр аныкталды.

  • Тоо лыжа спорту;
  • Лыжа жарышы;
  • Кёрлинг;
  • Чана спорту;
  • Шорт-трек;
  • Сноуборд;
  • Коньки менен чуркоо;

Тоо лыжа спорту

Жалпы 65 спортчу катышкан мелдеште 37 спортчу гана жыйынтык көрсөтө алды. Анда австриялык Марсель Хиршер алтын медалдын ээси болду, ал 2 мүнөт 6.52 секунд жыйынтыгын көрсөттү. 2-орунга 2 мүнөт 6.75 секунд жыйынтыгын көрсөткөн франциялык Алексис Пентюро жазылды, 3-орунду болсо дагы бир франциялык лыжачы Виктор Мюффа-Жанде жеңип алды.

Лыжа жарышы

Лыжа жарышында эркектер жана кыз-келиндер арасында мелдештер орун алды. Эркектер арасындагы мелдеште медалдар үчүн жалпы 80 спортчу күч сынашты. Алтын медалдын ээси 3 мүнөт 5.75 секунд жыйынтык көрсөткөн норвегиялык Йоханнес Клабо болду. 2-орунду 3 мүнөт 7.09 секунд жыйынтыгын көрсөтө алган италиялык Федерико Пеллегрино ээледи. 3-орунда Эл аралык олимпиадалык комитеттин желегинин алдында катышып жаткан орусиялык Александр Большунов жайгашты, ал 3 мүнөт 7.11 секунд жыйынтыгын көрсөттү.

Айта кетсек, бул мелдеште биздин мекендешибиз Тариэл Жаркымбаев катышкан. Ал тандоо этабында 4 мүнөт 5.99 секунд жыйынтыгын көрсөтүп, марага 79-болуп келди. Бирок кытайлык спортчу жарыштан четтетилгени үчүн, Тариэл Жаркымбаев 78-орунду ээлеген.

Кыз-келиндер арасындагы мелдеште 68 спортчу катышты. Алтын медалды швециялык Стина Нильссон жеңип алды, ал 3 мүнөт 3.84 секунд жыйынтыгын көрсөттү. 2-орунду 3 мүнөт 6.87 секунд жыйынтыгын көрсөткөн норвегиялык Майкен Фалла ээлесе, Эл аралык олимпиадалык комитеттин желегинин алдында катышып жаткан орусиялык лыжачы Юлия Белорукова 3 мүнөт 7.21 секунд жыйынтыгы менен 3-орунду ээледи.

Кёрлинг

Кёрлинг боюнча мелдеште коло байге үчүн Орусия олимпиадалык атлеттер командасы менен Норвегия курамасы ойноду. Орусия командасынан Анастасия Брызгалова менен Александр Крушельницкий катышса, Норвегия курамасынан Кристин Скаслиен менен Магнус Недреготтен катышты. Мелдештин жыйынтыгында орусиялык спортчулар 8:4 эсеби менен жеңип, коло медалдарды тагынды.

Ал эми алтын байге үчүн Канада менен Швейцария командалары туш келди. Канадалык Кейтлин Лоус жана Жон Моррис кызуу таймаштын жыйынтыгында швейцариялык Женни Перре менен Мартин Риосту 10:3 эсеби менен жеңип алышты.

Муну менен Канада командасы 1-орун, Швейцария 2-орунда, ал эми Орусия олимпиадалык атлеттер командасы 3-орунда жайгашты.

Чана спорту

Чана спорту боюнча мелдеште кыз-келиндердин жарышы старт алды. Анда жалпы 20 спортчу катышып, алтын медалдын ээси 46.448 секунд жыйынтыгын көрсөткөн германиялык Даяна Айтбергер болду. 46.498 секунд жыйынтыгын көрсөткөн дагы бир германиялык спортчу Натали Гайзенбергер күмүш медалга ээ болсо. Коло медалдын ээси канадалык Алекс Гофтун жыйынтыгы 46.574 секунд болду.

Шорт-трек

Шорт-трек боюнча мелдеште 32 кыз-келиндин 500 метр аралыктагы жарыштары өттү. Анда финалдык жарышка 4 спортчу өтүп, алтын медалды 42.569 секунд жыйынтыгын көрсөткөн италиялык Арианна Фонтана жеңип алды. Голландиялык Яра ван Керкхоф 43.256 секунд жыйынтыгын көрсөтүп 2-орунду ээлесе, канадалык Ким Бутен 43.881 секунд жыйынтыгын көрсөтүп коло медалдын ээси болду.

Сноуборд

Сноуборд боюнча мелдеште жалпы 12 спортчу күч сынашып, алтын медалдын ээси 17 жаштагы АКШлык Хлоя Ким болду. Ал мелдештин жыйынтыгында 98,25 упай топтоду. 2-орунда 89,75 упай топтогон кытайлык Лю Цзяюй жайгашса, 3-орунду 85,75 упайга ээ болгон АКШлык Ариэль Голд жеңип алды.

Коньки менен чуркоо

Коньки менен чуркоо боюнча 1 миң 500 метр аралыктагы жарышка жалпы 32 спортчу катышты. 1,5 чакырымды 1 мүнөт 44.01 секундда өткөн голландиялык Кьелд Нёйс алтын медалды тагынды. Марага 1 мүнөт 44.86 секундда жеткен дагы бир голландиялык атлет Патрик Руст күмүш медалга ээ болду. Коло медалдын ээси түштүк кореялык Ким Мин Сок болду, ал марага 1 мүнөт 44.93 секундда жетти.

Жалпы командалык эсеп

Жалпы командалык эсепте Германия курама командасынын капчыгында 5 алтын, 2 күмүш жана 2 коло медаль бар. Ал эми Голландия курама командасы 4 алтын, 4 күмүш жана 2 коло медаль менен 2-орунда жайгашкан.



РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан