Израиль өкмөтүнүн башчысы Биньямин Нетаньяху коррупция боюнча айыпталууда. Өлкөнүн полициясы өкмөт башчынын тегерегиндеги териштирүүлөрдүн жыйынтыгын прокуратурага жиберип, ага айыбын угузууну сунуштап жатат. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазууда. Израиль полициясы премьер-министрдин коррупцияга айыпталышы боюнча жетиштүү далилдер бар экенин билдирген.
Өзүнө коюлган айыптарга жооп кылып, Нетаньяху шейшембиде өз элине кайрылуу жасады. Анда өкмөт башчы полиция тарабынан жиберилген сунуштама юридикалык күчкө ээ эместигин айтып, ага карата эч кандай иш козголбой турганын, полиция кызматында бир да далил жоктугун билдирген.
Нетаньяхунун ишин иликтөө 14 айга созулган. Тергөөнүн версиясында Израиль өкмөтүнүн башчысы ишкерден баалуу белек алганы жана өлкөдөгү ири басма үйлөрүнүн бири менен келишимге барганы айтылат. Ал келишимде басмакананын негизги атаандаштарынын мүмкүнчүлүктөрүн чектей турган мыйзамды кабыл алууну сунуш кылган.