Атай Өмүрзаков командасы менен АКШда өтө турган "America's Got Talent" бий долбооруна катышат

Кыргыздар бий жагынан да дүйнөгө тааныла ала турганын тастыктаган Атай Өмүрзаков командасы менен АКШда өтө турган "America's Got Talent" бий долбооруна катышат. Шоу-бизнестен кетем деп, бирок бир чечимге келип, бийди таштап кете албай жүргөн Атай: "АКШдагы долбоорго катышып келсек анан башка иштер менен алектенем. Ушул менин бий жаатындагы акыркы алектенүүм болушу мүмкүн. Америкадагы бул долбоорго 3-4 жылдан бери чакырып жүрүшкөн. Долбоор март айында болот. Буюрса, виза берилсе эле барабыз, азыр балдар менен даярданып жатабыз. Катышуучулар "Адем" бий тобунун мүчөлөрү, андан сырткары мыкты бийлеген башка балдар да барышат", - дейт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
alyaiza
2018-02-14 09:09:08
Ийгилик каалайм
Азаматтар!
0
koshoi_bolotbek
2018-02-14 22:56:42
Ийгиликтер коштосун!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан