Түндүк Кореянын башчысы Ким Чен Ындын карындашы Ким Йо Чжондун Кышкы Олимпиада оюндарында пайда болуусу кызуу талкуу жаратты
Түндүк Кореянын башчысы Ким Чен Ындын карындашы Ким Йо Чжондун Кышкы Олимпиада оюндарында пайда болуусу кызуу талкуу жаратты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Белгилүү болгондой, өлкө башчынын карындашы Пйоңчаңда өтүп жаткан Кышкы Олимпиада оюндарына делегациянын мүчөсү катары келген.
30 жаштагы Ким Йо Чжон Түндүк Кореянын Эмгек партиясынын үгүттөө иштерин жетектейт. Айрым интернет колдонуучулар жетекчини эл алдында өзүн алып жүргөндү мыкты өздөштүргөнүн айтышса, көпчүлүк аны сүрдүү жана эмоциясыз адам катары сыпаттап, "ушунчалык да жасалма болобу? Чыныгы жашоодо мынчалык мерез болбосо керек" деген билдирүүлөрдү калтырышкан.