Британиядагы жаш ата-энелердин бири чарчап калган кызын 16 күн сактап, аны менен сейилдеп жүргөн сүрөттөрүн социалдык тармактагы баракчаларына жүктөшкөн. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалым болгондой, 21 жаштагы Шарлотта Шакакс алгачкы жолу эне болгон. Ал жолдошу Аттила менен биргеликте кызына Эвлин деген ысым ыйгарган. Шакакс кош бойлуу кезинде ага дарыгерлер түйүлдүктө хромосомалуу мутация бар экенин айтышкан. Жыйынтыгында ымыркайдын мээси өөрчүбөй, мурун таноолору кууш жана башка органдары да толук кандуу жетилбей калган. Өз алдынча дем ала албаган ымыркай 4 апта гана жашап, чарчап калган. Ата-эне наристенин денесин бузулуп кетпөө үчүн атайын сактоочу жайда 12 күн кармашкан. 12 күн тең ата-энеси жанында болгон. Андан кийин ымыркайды жерге бергенче 4 күн үйгө алып кетүүгө уруксат беришкен.
Күйүткө баткан ата-эне маркум кыз менен сейилдөөгө да чыгышкан. Алар сейилдеп жүргөндөгү сүрөттөрүн социалдык тармактагы баракчаларына жарыялаганда, көпчүлүк колдонуучулар жаш ата-эненин жоругун туура эмес көрүп, талкууга алышкан.
Кыздын энеси интернет колдонуучуларына жооп иретинде: "Бул кайгыны басуунун бир жолу. Эвлин бир ай гана жашады. Ал убакытта жашоо менен күрөшүп, аппаратта жатты. Мен жадакалса колума да алган жокмун. Жок дегенде анын жансыз денесин колума алып, өзүмдү эне сезгим келди", - деп жооп берген.