Британиялык басылма Кыргыз жерин саякаттоо үчүн эң ыңгайлуу өлкөлөрдүн катарына кошту. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазып чыгышты.
Белгилүү болгондой, саякаттар жөнүндө жарык көргөн британиялык "Wanderlust" журналы Кыргыз өлкөсүн 2018-жылы саякаттоо үчүн эң ыңгайлуу өлкөлөрдүн катарына кошкон.
Негизги бөлүктө "Саякаттоо үчүн эң мыкты өлкө" деп Канада аталса, "Өнүгүп келе жаткан тармак" категориясында Кыргыз өлкөсү сап башына жазылган. Мындай жыйынтыкка келүү үчүн басылма атайын изилдөөнүн жүрүшүндө өзүнүн 2 миңден ашуун окурманынын пикирин билген. Бул сурамжылоонун негизинде бир нече багыт аныкталган, алар: "Саякаттоо үчүн эң мыкты өлкө", "Өнүгүп келе жаткан тармак", "Саякаттоо үчүн мыкты шаарлар" жана башкалар.
"Wаnderlust" басылмасынын тандоосу боюнча "Саякаттоо үчүн эң мыкты өлкө":
"Өнүгүп келе жаткан тармак":
"Саякаттоо үчүн мыкты шаарлар":