Германияда 14-февраль - Психикалык жактан жабыр тарткандардын күнү. Бул күндү кайсы өлкө кандай белгилейт?

Бүгүн, 14-февраль дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүндө Ыйык Валентин күнү чоң майрам болуп эсептелет. Көпчүлүк маалыматтарда бул майрам биздин замандын III кылымында негизделген деп айтылат. Тактап айтканда, Рим императору Клавдий "эркектер үй-бүлөсүнө алаксып, аскерге баруудан баш тартышууда" деген негизде эркектерге үйлөнүүгө тыюу салган. А бирок Валентин аттуу чиркөө кызматкери бул тыюуга каршы чыгып, чиркөөдө жашыруун нике кыюуну уланта берген. Чиркөө кызматкеринин бул жоругу билинип калганда, император мындай чыккынчылыгы үчүн Валентинди 14-февралда өлтүрткөн. Ошондон баштап Валентиндин урматына 14-февраль - Сүйүү күнү деп белгиленип калган. Кылым карыткан бул майрамды кайсы өлкөдө кандай майрамдашат назар салып көрөлү.

Германия

Германияда 14-февралда психиатриялык ооруканаларды кызыл ленталар менен кооздоп, чиркөөлөрдө атайын иш-чаралар өтөт. Германиялыктар бул күндү сүйүшкөндөрдүн эмес, психикалык ооруга чалдыккандардын күнү катары белгилешет.

Украина

Украина өлкөсүндө бул майрам белгиленип баштаганына аз гана убакыт болгонуна карбастан, кеңири жайылган. Гүлгө, түрдүү белектерге толгон дүкөндөр жарандарга жылуу маанай тартуулайт.

Япония

Японияда бул күнү сүйгөн адамыңа таттуу даамдарды белекке берүү керек. Ошондой эле Тои чакан аймагында жергиликтүү жашоочулар "Сүйүү карнавалын" уюштурушат. Майрамда жаш түгөйлөр көчө бойлой басып, сүйүүлөрүн катуу кыйкырып билдиргенге аракет кылышат. Карнавал таң эрте башталып, түн ичинде аяктайт. Дагы бир кызыктуу көрүнүш эгерде сиз сүйгөн адамыңыз менен түбөлүктүү болоруңузга ишенсеңиз, анда ага кат жазып атайын почта менен жиберсеңиз болот. Сиз жазган кат түгөйүңүзгө туура бир жылдан кийин 14-февралда келет.

Франция

Сүйүшкөндөрдүн шаары аталган Парижде бул күнү көчөлөргө атайын экрандар орнотулат, ал экрандар аркылуу сүйүшкөндөр өздөрүнүн сезимдерин көпчүлүктүн алдында билдире алышат. Мырзалар бул майрамда сүйүктүүлөрүнө баалуу белектерди тартуулашат.

Италия

Ыйык Валентин күнү өзүнүн башатын алган бул өлкөдө 14-февралды сүйүүнүн жана жаздын майрамы деп аташкан. Иш-чаралардын баары ачык асман алдында өтөт. Көпчүлүк мырзалар ушул күнү өздөрүнүн жүрөк ээлерине баш кошуу сунуштарын киргизишет.

Улуу Британия

Британияда турмушка чыга элек кыздар таң атпай туруп алып, терезеден ары-бери өткөн мырзаларды карашат. Уламышка ылайык, кыз кайсы мырзаны биринчи көрсө ал анын өмүрлүк жары болот. Майрамда түгөйлөр бири-бирине жумшак оюнчуктарды, жүрөк формасындагы таттуу токочторду жана ачык каттарды белекке беришет.

Австрия

Көпчүлүк сүйүшкөндөр Крумбах шаарчасына бет алышат. Анткени дал ушул шаарда Валентинге арналып салынган чиркөө орун алган. Ошондой эле сүйүшкөндөр күнүндө мырза сүйгөнүнө сөзсүз түрдө гүл белекке берүүсү керек. Ал эми мырзаларга бул күнү эч кандай белек берилбейт.

Сауд Арабия

Ыйык Валентин күнүн расмий түрдө майрамдоого тыюу салган жалгыз өлкө - бул Сауд Арабия. Эгерде кимдир бирөө мыйзамды бузса, жоопко тартылат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
aliko78
2018-02-14 13:22:41
Германия туура белгилейт экен э
+17
nazira...
2018-02-14 13:26:55
aliko78, Ооба, мага да жакты.
+10
Alixan-Nookat.2015
2018-02-14 13:56:32
Бизде Кыргызстанда психологиялык жактан жабыр тарткандар 14-февралды махабат майрамы деп майрамдашат.
+11
Kojo1995
2018-02-14 16:15:27
Биздин эл оомо элда бөтөн элдин майрамын майрам кылып алган. Келесоолор, валентиндин кыргызга кандай тиешеси бар. Мээңер менен
+8
Ak_Bulut
2018-02-14 21:22:47
Kojo1995, кой элди келесоо дебе, Жаны-Жыл Айт 8-март деле ботон элден келген же сен Ноорузду эле майрамдайсынбы
0
erlan2196
2018-02-14 14:01:13
Негизи немистер ото эле кыйын экен. Согуштан кийин 30 жылдын ичинде мурдагы держава калыбына келишкен. Ото эле эмгекчил келишет экен.
+7
Azatbek83
2018-02-14 15:13:19
Германия туура кылат
+9
Hacker99
2018-02-14 18:28:33
Оо немистер эн акылдуу калк го. IQ Test боюнча биринчи орунда турат Германия. Анан немистерин машиналары да абдан сапаттуу го: Мерседес-Бенц, Bmw, Порш, Ауди, Фольксваген, Опель, Мини(Мини-купер)
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан