Ырчы Кайрат Примбердиев кубалык "Bladestars" тобу менен иштешүүдө. Бул тууралуу ал SUPER.KG порталына билдирди.
Анын айтымында, аталган топтун курамын Круз жана Рей деген эки ырчы түзөт. Алар менен ырчы көптөн бери тааныш.
"Кубалык ырчылар Бишкек шаарындагы клубдардын биринде ырдашат. Мен дагы жума, ишемби күндөрү ошол клубга барып ырдап калам. Топтун музыкалык продюсери Испанияда жашайт. Ырларынын аранжировкасын ошол жактан жазып жиберет. Бир аранжировкага азыр кыргызча текст жаздым, рэп айта турган жерин Круз өз тилинде айтат. Ыр жакында даяр болот, артынан дароо клип тарттырабыз. Бул иштешүү бир ыр менен эле токтоп калбайт. Англис тилинде да ыр жаздырып, Орусияга, Европага жайылтууну пландап жатабыз", - дейт Кайрат Примбердиев.