Барак Обама менен жубайы Вашингтондогу көргөзмөдө өздөрүнүн сүрөттөрүнө суктанышты

АКШнын мурунку президенти Барак Обама менен жубайы Мишель Обаманын өзгөчө стилде тартылган сүрөттөрү көпчүлүктү гана эмес, түгөйлөрдүн өздөрүн да суктандырды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалым болгондой, алар Вашингтондо өткөн расмий улуттук портреттер галереясы уюштурган көргөзмөгө барышкан. Анда афроамерика стилин колдонгон сүрөтчү Кехинде Уайлинин калемине таандык Барак Обаманын сүрөтү мурунку өлкө башчынын көңүлүн бурган.

"Мен билгенден эч ким ушул кезге чейин менин жана үй-бүлөмдүн сүрөтүн минтип чагылдырган эмес эле", - деген ал.

Ал эми өзүнүн портретин көргөн Мишель Обама эмоциясын жашыра албай, анын сүрөтүн тарткан сүрөтчү Эми Шералдга ыраазычылыгын билдирген.

Сүрөт галереясына чакырылган коноктордун арасында белгилүү режиссёр Стивен Спилберг жана актёр Том Хэнкс да болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
asil-08
2018-02-14 12:32:22
Чынында эле жакшы тартылыптыр сурот
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан