Сүйүү - бул керемет сезим. Ал тууралуу не бир сонун ырлар, обондор жаралып, көпчүлүктүн жүрөгүнөн түнөк тапкан не бир керемет тасмалар тартылган жок. Бүгүн, 14-февралга утурлай тунук сүйүүнү даңазалаган кино тасмалар тууралуу сөз кылууну туура көрдүк.
"Махабат дастаны"
Режиссёр Дооронбек Садырбаевдин “Махабат дастаны” тасмасы 1983-жылы тартылып, 2 жылдан кийин элдин сынына коюлган. Тасма бүткүл союздук республикаларда көрсөтүлүп, көрүүчүлөрдүн жакшы баасына татыган. Тасмада 60 жаштагы акын Раймалы менен 19 жаштагы казак кызы Бегимайдын ортосундагы махабат баяндалат. Тасманы көрүп ыйлабаган адам болбосо керек. Өзгөчө Раймалы менен Бегимайдын айтышы элдин эсинде.
"Жылдыздар күнөөлүү"
Айыкпас илдетке чалдыккан эки жаштын сүйүү мамилесин кино сүйүүчүлөргө тартуулап берген "Жылдыздар күнөөлүү" тасмасын режиссёр Жош Бун тарткан. Тасма көгүлтүр экранга 2014-жылы чыккан. Анда рак менен ооруган Хейзел өзүн алаксытуу максатында, рактан жабыр тарткан адамдардын уюмуна барат. Дал ошол жерде Август аттуу бала менен таанышып, кийин экөөнүн ортосунда сүйүү оту жанат.
"Москва көз жашка ишенбейт"
Классикага айланган "Москва көз жашка ишенбейт" тасмасы 1980-жылы жарык көргөн. Аталган тасма "Чет тилдеги эң мыкты" тасма номинациясында "Оскар" сыйлыгына ээ болгон. Тасмада айыл жеринен чоң шаарга келген үч кыздын тагдыры баяндалат.
"P.S. Мен сени сүйөм"
Сиз деле жаш кезиңизде сүйүү каттарын алганды жакшы көрсөңүз керек. Бирок башкы каарман Холли сүйүктүүсү өлгөндөн кийин андан кат ала баштайт. Аягына чыкты деп эсептелген сүйүү окуясынын кат аркылуу улануусун тасмадан көрсө болот.
"Жамиля"
Тоолуктардын "Ромео менен Жульеттасы" аталган Жамиля менен Даниярдын сүйүү баяны убагында Кыргыз коомчулугунда көптөгөн талкууларды жараткан. Сүйүүнү даңазалаган тасмада Жамиля менен согуштан жарадар болуп кайтып келген Даниярдын ортосундагы ашыктык сезим чагылдырылган.