ЖЫЛНААМА, 14-ФЕВРАЛЬ: "Туулган күнүмдү эмес, сүйүшкөндөр күнүн белгилеп, үй-бүлөмдү майрамдатам" дейт Ирлан Таалайбеков

Бүгүн, 14-февралда ырчы жана тамада Ирлан Таалайбеков 29 жашка толду. SUPER.KG порталы ырчыны куттуктоо иретинде байланышка чыгып, анын ушул кезге чейин 1 эле жолу туулган күн белгилегендигин билди.

"Туулган күндү майрамдоого такыр кызыкпайт окшойм, ушул кезге чейин 1 эле жолу белгилегем. Быйыл деле туулган күн өткөрүүгө эч кандай планым жок. Кечээ тамада досторум менен чогуу шерине өткөргөм. Түнкү саат 12де ошолордун куттуктоолорун кабыл алдым. Ал эми бүгүн сүйүшкөндөрдүн да күнү болгондуктан, жубайым менен бала-чакамды кафеге алып барып, майрамдатып келсемби деп ойлонуп жатам", - дейт ырчы.

Ирлан Таалайбеков 1989-жылы 14-февралда Кара-Буура районунун Чолпонбай айылында туулуп-өскөн. Сахнага “Окуучу кыз”, “Кош бол” жана ошондой эле Мирбек Иманбеков менен “Аппак таң” ырын дуэт ырдап чыгып, өз күйөрмандарын таба алган.

14-февралдын жылнаамасы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
sabyrer82
2018-02-14 13:49:55
Мусулмансын да!?экоону тен майрамдаба
0
Rifle_I
2018-02-14 13:51:48
Сүйүшкөндөр күнү анча мынча нерселер айрылып калбаса болду да. Жыртык шымды эч ким кийбейт, баары жаңы шым кием дейт. Жамалган шымды да эч ким кийбейт.

+1
begim_kasymbek
2018-02-14 15:07:52
ушундай да ырчы бар беле? Тааныбайткем
+1
begim_kasymbek
2018-02-14 15:08:32
ушундай да ырчы бар беле? Тааныбайткем
0
Aijamal9487
2018-02-15 00:14:22
Mairam emes.Aram
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан