Жээнбеков Талас, Жалал-Абад, Нарын облусундагы соттордун ыйгарым укуктарын токтотту (тизме)

Президент Сооронбай Жээнбеков өлкөдөгү бир нече соттордун ыйгарым укуктарын токтотту. Тиешелүү жарлыкка өлкө башчы кол койгонун президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, Талас облустук сотунун судьясы Замира Абдиева жана Молдозак Ибраимов, Жалал-Абад облустук сотунун судьясы Шералы Жакыпбаев жана Акрамжан Таштемиров, ошондой эле Нарын облустук сотунун судьясы Усенбек Сарымсаков жергиликтүү соттун судьясынын кызмат ордунан өз каалоосу боюнча мөөнөтүнөн мурда бошотулуп, алардын аталган соттордогу судьялык ыйгарым укуктары токтотулду.

Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан