Замира Молдошева: "Жолдошумсуз жашай албайм, "менден биринчи өлүп калсаң, өлтүрөм" деп тамашалайм"

SUPER.KG порталынын Түз эфиринин кезектеги коноктору 14-февраль - Сүйүшкөндөр күнүнө карата көпчүлүктү суктандырган белгилүү түгөйлөрдөн турмакчы. Анда Кыргыз Республикасынын Эл артисти Марат Алышпаев жана жубайы, белгилүү ырчы Дилбар Раимбекова менен биргеликте сүйүү таржымалы тууралуу маек курушат. Андан соң өлкөдөгү белгилүү стилист, дизайнер Замира Молдошева жана жолдошу Моңолдор мырза конокко келишет. Ошондой эле "Тамашоу" аркылуу таанылып, "Сүйлөшкөн кызымдын баатыры", "Бир тууганчик", "Айыл Кэмп" тасмаларында роль жараткан жаш актёр Жеңиш Майрамбек уулу жубайы Нурайым менен бирге Түз эфирдин дагы бир таттуу түгөйлөрүнүн катарын толуктайт.

Жогоруда аталган түгөйлөргө арнаган жылуу ой-пикирлериңиз же кызыктуу суроолоруңуз болсо, мүмкүнчүлүктөн пайдаланып Түз эфир жүрүп жатканда "Соңку кабар" аркылуу комментарий жазып, жооп алсаңыздар болот. Коноктор бүгүн 15:00дө баштала турган SUPER.KG порталынын түз эфири учурунда берилген суроолорго жооп беришет.

Эске салсак, суроолор редакция тарабынан иргелет. Мааниси окшош, кайталанма суроолор эфирге чыгарылбайт.

15:20 SUPER.KG порталынын Түз эфиринде стилист Замира Молдошева жана анын жолдошу Моңолдор мырзанын маеги башталды.

15:22 Замира Молдошева 14-февраль күнү жолдошу ар түрдүү белектерди бергенин, бирок жаңы таанышкан жылдары анын сүрөтү түшүрүлгөн кружка белек кылганын айтып, ошол эсинде сакталганын билдирди.

15:24 Суроо: "Ортодогу махабат балага өтүп кетет дешет..."

"Балага болгон сүйүү - чексиз. Бирок эркек менен аялдын ортосундагы сүйүү - бул башка. Жолдошум менен чогуу жашаганыбызга 17 жыл болду, мен ансыз жашай албайм. "Менден биринчи өлүп калсаң, өлтүрөм" деп айтып калам", - дейт Замира Молдошева күлүп.

15:30 Суроо: "Жарандык никени кыргыз жаштарына сунуштайт белеңиздер?"

Моңолдор мырза: "Жарандык нике бири-бирин жакындан таанып-билүүгө жакшы шарт түзөт. Биз, Замира экөөбүз 4 жыл жарандык никеде жашадык. Ал убакытта чынында чогуу жашай ала турганыбызга көзүбүз жетти".

Замира Молдошева: "Ооба, биз 4 жыл жарандык никеде жашадык. Сөзсүз түрдө нике кыйып, анан жарандык никеде жашаш керек. Эгер балалуу болуп, үй-бүлө курууга көзүңөр жетсе, демек, үй-бүлө куруп эле жашаганыңар жакшы".

15:34 Суроо: "Замира эже, жолдошуңуздун биринчи никесиндеги кыздары менен мамилеңиз кандай?"

"Мамилебиз абдан жакшы. Убагында, балким, түшүнбөстүктөр болгондур, бирок азыр баарыбыз тең бири-бирибизди түшүндүк. Учурда катташып турабыз".

15:38 Жубайлар алып баруучу даярдаган оюнга активдүү катышууда.

15:40 Суроо: "Спорттун кайсы түрү менен машыгасыздар?"

Моңолдор мырза: "Күн сайын эртең менен туруп чуркайм".

Замира Молдошева: "Мен жолдошумдан уялганымдан эле эртең менен бир аз көнүгүү жасап калам. Андан сырткары жолдошум экөөбүз тең лыжа тебүүнү жакшы көрөбүз".

15:48 Жубайлардын Түз эфирдеги маеги соңуна чыкты.

Замира Молдошева: "Мен жолдошумсуз жашай албайм"
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (20)
Rain000
2018-02-14 15:25:57
Саламатсыздарбы?? Эжеге суроом бар эле? Эжеге суроом бар эле кантип берсемби болот
0
admin_superstan
2018-02-14 15:27:25
Rain000, саламатсызбы! Сурооңузду ушул жерге комментарий жазып калтырып коюңуз.
0
kutman-kg94
2018-02-14 15:32:45
Саламатсызбы замира эже сизге ден солук гана каалайм и тапшырма дагы бере кетейин сулулугунуздун сыры эмнеде эгерде сыр болбосо
0
Rasul94
2018-02-14 17:07:35
kutman-kg94,сыры косметикада
+11
ilya.
2018-02-14 15:37:15
Замира кыргыз кыздарын жыланачтантып сулуу кылбай эле койгулачы сураныч
+7
erlan2196
2018-02-14 16:06:17
ilya.,
Эч ким жыланач жургон жок. Жон эле суйлой бербегилечи. Сени угуп отурсак кереметту колубузго да куртка кийип тушуп калат окшойбуз. Анан эмне хиджаб кий деген турасынарбы. Мода деген бар. Замира эже азаматсыз. Сиздей таланттуу адамдар бизге керек.
-5
ilya.
2018-02-14 16:12:43
erlan2196, Озунчоле мода тушунгон киши болуп каласында мен болгонун жаздым
+7
ilya.
2018-02-14 15:38:47
админ менин суранычымды созсуз окуп койгула
+1
cIay
2018-02-14 16:07:11
"Жолдошумсуз жашай албайм, "менден биринчи өлүп калсаң, өлтүрөм" Өлгөн адамды дагы каягына өлтүрот?
+4
nuri1
2018-02-14 16:25:25
Азаматсын Замира. Ар кандай сын пикирлерге карабай ишинди уланта бер. Адамдар ар кандай болот. Буроо тушунот, сизди баалайт. Буроонун тушунугу томон, карангылыктан башка эч нерсе жакпайт. Эмгегинизди баалайбыз. Ар кимдин эмгеги озу учун баалуу. Диванда жатып алып сындагандарга соз жок. Жолдошун экооно бакыт.
-3
Nanei
2018-02-14 16:45:40
Жакшы,кучтуу айым. Бактылуу болунуздар.
+1
RNA78
2018-02-14 18:17:36
Жарандык нике биздин менталитибизге туура келбейт, жаштарды жарандык никеде жашап коргуло дегениниз туура эмес.
+6
pat12
2018-02-14 18:46:16
Азаматсыз Замира айым. Абдан эмгекчил адамсыз. Билем. Эмгегиниздин узурун корунуз. Башкаларга да улгу боло турган адамсыз. Адам эмгек менен гана бышат, когорот ишенем.
0
madina.87
2018-02-14 19:53:09
Мына дагы бир кыргызга улгу болчу аял,эне.
Кантип айттыныз ушуну"менден мурун олуп калсан,олтуром "деп.
Аллах бизге чогуу карылыктын доорун сурууго насип этсин.
Жолдошум экообуз тен арып,тен карыйлы десениз боло!!!
Эмне болгон буларга?
Сиз суйлой турган соз эмес бул!
Чон эле апалар аталар алжый баштаганго.
Жаштарга терс тарбия берип!!!
Мени каалаганча урушкула туура эмес суйлосом...
+9
pat12
2018-02-14 22:03:29
madina.87, Калп эле кудайдын атын жамынып алып бироонун жеке жашоосун сындаганды токтотпосок биз омуру жарыбайбыз. Мындай адамдарды которо билелик. Калп эле кудайчыл боло бергенден эч бир майнап чыккан эмес.
-6
pat12
2018-02-14 22:05:09
Прическаныз мага абдан жагат.
0
Jamalym17
2018-02-15 00:48:48
Созсуз нике кыйдырып деп жатпайбы, андайлар азыр коп эле бизде деле менталитетке туура келбейт деген менен,кобунчо айыл жеринде жашы жете элек кыздарды алып качып,алар 18ге толгуча ЗАГС жок жашайт, ошол деле жарандык никеге кирет да. 3-4 балалуу болуп деле ажырашкандан кийин "куйоом экообуздун ЗАГС жок, балдарга кантип алимент алам" деп кенеш сурагандар деле коп учурайт го
0
Mednur
2018-02-15 01:32:06
Кудайым берген жашты жашайлы,бактылуу карылык насип этсин бизге десениз сонун болмок эжеке,Кудай айтат экен менден артык коргон нерсенди алып коем,жашай албайм десен жашатып да коем деп, анынсынары биз жакындарыбыздыбы,балдарыбыздыбы жакшы коруп суйуп кеткенде созсуз Машаллах деп коюш керек экен.
0
tmttmt
2018-02-15 01:33:01
Жарандык нике деп
силер загс албай эле нике кыйдырып жашап атпайсыңарбы ошону айтат
көбү ала качып эле жарандык загс жок беш алтыдан балалуу болгондорда
биз деле үч балалу болуп загс алдык

0
admin_superstan
2018-02-15 11:39:49
g.roza, адамдын намысына шек келтирген сөздөрдү жазууга тыюу салынат.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан