Арман: "Бир жыл мурун, 14-февралда кыз-жигит катары сүйлөшүп баштаганбыз"
Ырчы Армандын сүйүктүүсүн тапканына бир топ убакыт болду. Ал 14-февраль - Сүйүшкөндөр күнүн майрамдабайт деле. Бул майрамдын кыргыздарга тиешеси жок деген ырчы, ошого карабай сүйлөшкөн кызын гүл менен куттуктаганын айтат. Бирок анын себеби бар.
"Мындан бир жыл мурун ушул күнү биз кыз-жигит катары сүйлөшүп баштаганбыз. Сүйүшкөндөр күнүн майрамдабаганыбыз менен, бул дата мен үчүн маанилүү. Бизди табыштырган күн. Жарым саат мурун сүйлөшкөн кызымдын иштеген жерине гүл, шоколад алып барып куттуктап келдим. Кечинде дагы жолугабыз.
4 ай мурун кыргыздын каада-салтына ылайык ага-тууганым менен барып сөйкө салып келгем. Буюрса, үйлөнүү тоюбуз октябрда болот, бирок датасы белгилене элек", - дейт Арман.
Баястан: "Зульфияга жагымдуу сюрпризим бар"
Учурдун мыкты рэп ырчысы Баястан өткөн жылдын соңунда сүйүктүүсүнө сөйкө салган. Рэпердин жүрөгүн бийчи кыз Зульфия багындырган. Баястан сүйүктүүсүнө арнап "Жарашат" деген ыр жазып, клибине да тарткан.
"Кечээ түнү, 14-февралдын алгачкы мүнөтүндө эле Зульфияны куттуктап, жакшы сөздөрүмдү айткам. Чынында бул күндү чоң майрам деп кабыл албайм. Бирок жаштарга шылтоо керек да. Өзүбүз өзүбүзгө жакшы маанай түзүшүбүз керек. Бүгүн окууда болдум. Зульфия экөөбүз тамактанганча кечинде жолугабыз. Атайын белек даярдадым, ал сюрприз болсун.
Экөөбүздүн таанышканыбызга бир жыл болуп калды. Үйлөнүү тоюбуз деле алыс эмес", - дейт Баястан.
Бегимай Бекбоева: "14-февраль биз үчүн кадимки эле күндөрдүн бири"
Ырчы Бегимай Бекбоева болочок өмүрлүк жолдошумду таптым деп күйөрмандарына жар салган. Бирок орто жерден таарыныша да кетишкенин айткан эле. Бойдок кезде мындай таарынышуулардын далайы орун аларын түшүнүштү окшойт кайрадан биригишти.
"Кыз-жигит бири-бирин жакындан билиш керек. Кээ бирөөлөр алты жыл сүйлөшүп үйлөнсө, айрымдар алты ай сүйлөшүп баш кошот. Баары Жараткандын буйругу менен. Азыр жигитим бар, бирок тагдырыбыз биргеби же бөлөкпү аны убакыт көргөзөт. 14-февраль биз үчүн кадимки күндөрдүн бири. Ошондуктан жолугуп, белек беришпейбиз деле. Мен атамдын жанында, жигитим өзүнүн үйүндө дегендей", - дейт Бегимай Бекбоева.