Марат Алышпаев: "Эч кимди сүйбөй өтүп кетемби деп коркчумун, 50 жашка жакындап калганда чыныгы сүйүүгө кабылдым"
SUPER.KG порталынын Түз эфиринин кезектеги коноктору 14-февраль - Сүйүшкөндөр күнүнө карата көпчүлүктү суктандырган белгилүү түгөйлөрдөн турмакчы. Анда Кыргыз Республикасынын Эл артисти Марат Алышпаев жана жубайы, белгилүү ырчы Дилбар Раимбекова менен биргеликте сүйүү таржымалы тууралуу маек курушат. Андан соң өлкөдөгү белгилүү стилист, дизайнер Замира Молдошева жана жолдошу Моңолдор мырза конокко келишет. Ошондой эле "Тамашоу" аркылуу таанылып, "Сүйлөшкөн кызымдын баатыры", "Бир тууганчик", "Айыл Кэмп" тасмаларында роль жараткан жаш актёр Жеңиш Майрамбек уулу жубайы Нурайым менен бирге Түз эфирдин дагы бир таттуу түгөйлөрүнүн катарын толуктайт.
Жогоруда аталган түгөйлөргө арнаган жылуу ой-пикирлериңиз же кызыктуу суроолоруңуз болсо, мүмкүнчүлүктөн пайдаланып Түз эфир жүрүп жатканда "Соңку кабар" аркылуу комментарий жазып, жооп алсаңыздар болот. Коноктор бүгүн 15:00дө баштала турган SUPER.KG порталынын түз эфири учурунда берилген суроолорго жооп беришет.
Эске салсак, суроолор редакция тарабынан иргелет. Мааниси окшош, кайталанма суроолор эфирге чыгарылбайт.
16:20 Кыргыз Республикасынын Эл артисти Марат Алышпаев менен жубайы Дилбар Раимбекованын Түз эфирдеги маеги башталды.
16:22 Суроо: "Марат агай, сизди кино жаатында мыкты актёр катары билебиз. Дилбар эжеге сүйүүңүздү билдирүүдө актёрлук чебер жардам берди беле?"
"50 жашка жакындап калганда Дилбарды биринчи жолу көрдүм. Өзүмдөн 21 жашка кичүү болгондуктан, көңүлүн бурдуруу үчүн ар кандай ыр саптарын арнап, башын айлантып алдым окшойт. 5 жылга жакын кыз-жигит катары сүйлөшүп жүрдүк. Учурда 2 кызыбыз бар", - дейт актёр.
16:24 "Сүйүү жок деп айтышат. Бирок мен буга кошулбайм. Бир көрүп сүйүү чанда гана кездешет. Мен эч кимди сүйбөй өтүп кетемби деп ойлой берчү элем. Кудайга шүгүр, башыма сүйүү келди", - деди Марат Алышпаев.
16:26 "Жолдошумдун 3 уулу бар. Алар бой жетип калышкан. Мамилебиз жакшы", - дейт Дилбар Раимбекова.
16:30 Суроо: "Марат агай, сизди мурунку жубайыңыз менен театрда чогуу иштейт деп уккам. Дилбар эже кызганбайбы?"
"Жок, чогуу иштебейбиз. Ал киши башка театрда иштейт", - дейт актёр.
16:33 Дилбар Раимбекова "мен жолдошумду кызганам, бирок жөнү жок эле нерселерге капа боло бербеш керек" десе, жолдошу "Дилбарды алгач кызганчумун, бара-бара бири-бирибизди жакшы билип калдык. Азыр балдарга көбүрөөк көңүл бурам", - деди.
16:34 Жубайлар алып баруучу даярдаган оюнга активдүү катышып беришти.
16:35 Суроо: "Марат агай, канча небереңиз бар?"
"Менин 9 неберем бар. Эң улуу неберем Дубайда иштейт, дагы бирөө Москвада окуйт. Калгандары кичинекей", - дейт Марат Алышпаев.
16:40 Суроо: "Ар дайым сүйүп туруу үчүн эмне кылуу керек?"
"Мурда кыздын колун кармаганда ушунчалык сүйүнүп, толкунданчубуз. Азыр андай болбой калгандыктан, сүйүүнүн баркы кетип жатат. Азыр ажырашкандар үйлөнгөндөрдөн ашып кетип жатпайбы. Анын сыңары сүйүүнү бага билиш керек, барктай билиш керек", - дейт жубайлар.
16:45 Марат Алышпаев менен Дилбар Раимбекованын Түз эфирдеги маеги соңуна чыкты.