КИНОЗАЛ: Эксклюзив! SUPER.KG порталына жайгаштырылган "Качкын" кинокомедиясы бир туугандык мамилени күлкү аркылуу чагылдырат

SUPER.KG порталынын "Кинозал" бөлүмүнө күлкү сүйүүчүлөр үчүн "Качкын" кинокомедиясы кошулду. Сизге жылмаюу тартуулаган тасмада Түгөлбай Нажмудинов, Нурбек Юлдашев, Мурат Жээнкулов, Айгерим Саматовалар башкы каармандардын образын ачып беришет.

Фильмдин жаратуучусу Түгөлбай Нажмудинов бул тасманы тартуу иши ары кызыктуу, ары кейиштүү окуялар менен коштолгонун айтат.

"Тартуу ишин 2017-жылы баштаганбыз. Тасма талаасында улакчылар менен тарткан учур бар эле. Ошону ачып берели деп кыштын күнү Чаткалдын Сумсар айылына барганбыз. Камералар иштеп баштаганда аттар бизге баш бербей качып, ошол айылдын 2-классынын окуучусун велосипеди менен тебелеп кетишти. Кудайга шүгүр, бала аман калды", - дейт режиссёрлук тушоосун кесип жаткан Түгөлбай мырза.

Ал эми тасмада күтүлбөгөн жерден көп суммадагы акчанын жоголушуна шектелген жигиттин агасы опер кызматында иштеген ишинен кол жууп калат. Адилеттүүлүккө жетүүнүн бир гана жолу болгон. Ал - туулуп өскөн айылына кетүү эле. Инисинин уурдалган акчага тиешеси жок экенин далилдеп, адилеттүүлүккө жетүү үчүн көптөгөн кыйынчылыктардан өтөт...
Тасманы көрүү үчүн шилтеме.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
toktor89
2018-02-14 19:53:39
Азаматтар!
Ийгилик! Коптогон кинолорду дараткыла мындан кийин да
-2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан