ЖЫЛНААМА, 14-ФЕВРАЛЬ: "Туулган күнүмдү буга чейин дайыма чакыруу түшкөн кечелерде, тойлордо белгилечүмүн" дейт ырчы Талант Кадыров

Бүгүн, 14-февралда «60' К» тобунун ырчысы Талант Кадыров 34 жашка толду. Туулган күнү менен куттуктап SUPER.KG порталы ырчы мырзага байланышканда, бир нече жылдан бери туулган күнүн үй-бүлөсү менен белгилебей келгенин, быйыл өзгөчө өткөрүп жатканын айтты.

"Туулган күнүм майрам күнүнө туш келгендиктен, жыл сайын концерттик иш-чараларга, той-топурларга чакыруулар болуп, бир нече жылдан бери туулган күнүмдү белгилей элек болчумун. Бул ирет андай буюртмаларды кабыл албай, туулган күнүмдө баламдын, жубайымдын жанында болуп, үй-бүлөлүк майрам кылууну туура көрдүм. Куттуктоолор бир күн мурда эле башталып кетти. Апам жумушунан келип "эртең менен эрте кетем, сени куттуктоого жетишпей калам" деп белегин берди. Анын аркасынан жубайым мага камдап койгон белегин тартуулады. Ошондой эле 2-3 күйөрмандарым телефон чалышып, апамдын туулган күнү, эжемдин туулган күнү эле, видео куттуктоо жиберип коюңузчу деген суранычтар болду".

Айта кетсек, ырчы, обончу Алтымыш Кадыровдун уулу Талант Кадыров 1984-жылы 14-февралда Бишкек шаарында жарык дүйнөгө келген. Учурда 2 кыз, 1 уулдун атасы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Shef87
2018-02-15 00:45:10
Ырчы дейби ыя
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан