Америкалык жаран сүйгөнүнө 39 жолу бир кутудагы таттууну белекке берип келген. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Рон жана Донна Крамер 1979-жылы Нью-Мехико штатынын Альбукерке шаарынан таанышып калышат. Рон камсыздандыруу ишканасында иштегендиктен, сүйүктүүсү менен кызмат көрсөтүүгө барган учурда таанышкан. Ошентип экөөнүн ортосунда сүйүү тарыхы башталат. Экөөнүн биринчи "Валентин" майрамында Рон сүйүктүүсүнө кутудагы таттууну белек кылат.
Ошол таттууну сатып алып жатканда дүкөн ээси Ронго эгер ушул таттуунун кутусун кийинки жылы ушул убакка чейин сактасаңыз, эмдиги жылы кутуңузду таттууга толтуруп беребиз дешкен. Рон үчүн бул жакшы сунуш болгон, себеби ал куту үчүн акы төлөбөйт болчу. Бул көрүнүш ошентип 38 жыл кайталанган.