Айпери Кубик кызы кубалык ырчы мырзалар менен чогуу керсейген жигиттерге ыр арнашат

Кыргыз эстрада ырчысы Айпери Кубик кызы Куба Республикасынын ырчы мырзалары менен тыгыз иштешип баштаган өңдөнөт. Дегенибиз, Айпери айым Марвел жана Луис деген жигиттерден турган "The Black Kings" тобу менен өзгөчө чыгарма жаратышты. Ыр саптарында кыргыз элинин "Өзүңдү эр ойлосоң, башканы шер ойло" деген макалы камтылган.

Жаңы эмгеги тууралуу Айпери Кубик кызы SUPER.KG порталына төмөнкүлөрдү айтып берди.

"Чогуу ыр жаздырууну Марвел менен Луис өздөрү сунуш кылышты. Биздин чыгармабыз өзүн өйдө баалаган жигитке кайрылуу иретинде жазылган. "Кыйынмын деп керсейбе, эртең сенден да кыйындар чыгат" деген насаат ыры десем болот. Ыр кыргыз жана испан тилинде ырдалат. Марвел испанча рэп окуса, Луис жана мен кыргызча ырдайбыз. Албетте, бири-бирибиздин тилибизди билбегендиктен ырды жаздырууда кыйынчылыктар болду".

Буга чейин Айпери Кубик кызы Хосе Агроманте менен "Дани" аттуу ырын жаздырган. Хосе экөөнүн дуэтинен кийин кубалыктарга таанылган Айпери айым "The Black Kings" тобунун жигиттери менен кыргыз, испан тилинде дагы бир чыгармасын угармандарга тартуулоонун үстүндө кызуу иштеп жатыптыр.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (15)
Zainidin96
2018-02-15 00:58:45
Азаматсын Ишине ийгилик дагы кооп коп чыгармаларды кутом
+15
nur_92
2018-02-15 01:11:16
Дагы коп соз жазгым келди бирок банга кетип калыштан кортум Айпери мен сага инстаграмдан жазам
-21
gulzam
2018-02-15 05:37:55
nur_92,Айпери сенин созунду сурап жатабы дейм да
+8
alikgz
2018-02-15 01:26:02
озу билет, ким менен ырдагысы келсе ырдай берсин,уялсан чык эшике
+17
aibars
2018-02-15 01:27:57
Айпери иштерине ийгиликтер, ар дайым жаны чыгармаларды жарата бер. Колдон келсе Бейонсе, Леди Гага, Энрике Иглесиас, Рикки Мартиндей дуйнолук атактуу ырчылар менен дует жарат.
Келгиле жалан позитивдуу жакшы маанайдагы колдоо создорубузду жазалычы.
+12
Mahabat84
2018-02-15 02:19:32
Айпери биз сени менен,ишине ийгилик артка бир кылчайбай только вперед
+6
aman0296
2018-02-15 03:41:36
Жакшы ожор кыз. Азамат, ишине ийгилик
+4
ilgizk
2018-02-15 03:55:26
Ырдаса ырдасын, бирок намысы менен болсун
+7
Dembele84
2018-02-15 04:19:57
Куйоосу барбы жокпу бул кыздын?
0
kechirmeni
2018-02-15 09:17:08
Dembele84,Ажырашып кетишти окшойт байкуштар, ылайым бул дуйнодо эч ким ажырашпасын
+1
emka96kg
2018-02-15 09:05:46
ушу кыргыздар томон ойбуз да, силердин кандай ишинер бар,ким менен ырдайт,бир нерсе болсо эле оюнар жаман,эч бир жакшы ниет кылып коюу деген жок да.
+7
admin_superstan
2018-02-15 10:50:38
tyrgon, ady-88, nur_92, адамдын намысына шек келтирген сөздөрдү жазууга тыюу салынат. Эскертүү!
0
Azatbek83
2018-02-15 14:56:56
Красавица Молодцы Только в Период!
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан