Кышкы Олимпиада оюндары өтүп жаткан Пйоңчаң шаарында роботтор да жарышты

Бул кышта Түштүк Кореянын Пйоңчаң шаарында Олимпиада оюндары гана эмес, роботтордун да лыжа тебүү боюнча жарышы өттү. Чет элдик басылмалар жазгандай, алар "ылдам", "бийик" жана "күчтүү" деген наамдар үчүн ат салышкан.

Роботтордун лыжа жарышын өткөрүү үчүн Хёнсоң курорту тандалган. Баса, мелдеш байгесиз болбойт, тактап айтканда, баш байге 10 миң долларды түзөт. Мелдешке университеттердин, изилдөө институттардын жана жеке компаниялардын роботтору катышты. Жалпысынан 8 команда ат салышып, өз дареметин сынап көрүштү.

Оюндун эрежеси боюнча роботтордун бою 50 сантиметрден төмөн болбоосу, эки бутуна түз туруусу, автоматтык кыймылдаткычы болушу керек.

Роботтор жарыш учурунда жолго коюлган желекчелерди айланып же капталдап өтүшү керек. Марага чейин желекчелерди кулатпай, ылдам келген робот эң көп упайга ээ боло алат. Бирок марага чейин бардык эле роботтор 80 метр аралыкты басып өтө алышкан эмес. Буга аба ырайынын температурасы төмөн болуп, роботтордун механикалык кыймылын оорлоткону себеп болгон.

Ошентсе да тоскоолдуктарга карабай роботтордун жарышында "Minirobot Corp" компаниясынын роботу TaekwonV марага биринчи келип, акчалай байгеге ээ болду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
fora
2018-02-15 03:03:11
mm
+1
BakytAliev
2018-02-15 03:13:38
Атан гору
+4
falkao
2018-02-15 05:07:42
Пйончан абдан туура жазылган. Орустарды туурай бербей ушинтип оз алдыбызча жазсак жакшы го. Орустар бут жердин атын созун бурмалап бузуп жазышат
-2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан