Бразилиянын Рио-де-Жанейро шаарында жыл сайын өтүүчү карнавал учурунда полиция 150гө жакын маскарапозду кармап кетти. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка караганда, алар уурулукка шектелүүдө. Алдын ала айтылган маалыматтар боюнча, карнавалда атайын формаларды кийип жүргөн ал адамдар кылмыштуу топтун мүчөлөрү болушкан. Карнавал учурунда маскарапоз болуп, элди алаксытып уурулук менен алектенишкен. Аларды текшерүүгө алган учурда жанынан ок атуучу курал, жардыруучу заттар, түрдүү капчыктар, кол сааттар жана акча табылган.
Колго түшкөндөрдү алып кетүү үчүн полицияга 3 автобус керек болгон.
Аталган шаарда карнавал жыл сайын 9-февралдан-19-февралга чейин өтөт. Майрам учурунда полиция күчөтүлгөн тартипте иш алып барат. 11-февраль күнү полиция менен тоноочулардын ортосунда атышуу да орун алган.