Ош шаарында суу түтүктөрүн текшерүүгө түшчү люктун ичинен 2 сантехниктин денеси табылганын ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, каза болгондор 1959-жылы туулган Эралы Оторов жана 1962-жылы туулган Базарбай Мамышов аттуу жарандар болушкан. Аталган 2 жаран тең Ош облусундагы Алай районунун Будайлык айылынын жашоочулары болушкан. Куткаруу кызматы тарабынан чыгарылган 2 жаран жакындарына тапшырылды. Кырсыктын келип чыгуу себептери такталууда.