Бишкек шаардык травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборунда мас бейтаптар медицина кызматкерлерин сабап салгандыгын Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. 9-июнда аталган борборго 27 жаштагы Н.К.Осмоналиев жана 37 жаштагы Назир уулу Дүйшөбек мас абалында кайрылышкан. Аларды текшерүү учурунда Осмоналиев сөгүнүп, ординатор Дөңбаевди, нөөмөттө турган врач Ниязалиевди жана реаниматолог Кенжакунованы сабап салган. “Медициналык кызматкерлердин айтымында, нөөмөттө турган аймактык милиция кызматкери М.Макешов бул кырдаалга эч кандай реакция кылган эмес. Ошондуктан Бишкек ШИИББинин башчысы Мелис Турганбаевге медицина кызматкерлери анын кызматтык абалын карап чыгуу тууралуу арыз менен кайрылышкан”,- деп билдирет министрлик.