Мексикада 54 дельфин белгисиз себептерден улам деңиз жээгине чыгып калды

Мексиканын Түштүк Төмөнкү Калифорния штатында 54 дельфин белгисиз себептерден улам деңиз жээгине чыгып калды. Бул тууралуу кечээ, 14-февралда Латын Америка өлкөлөрүнүн айлана-чөйрөнү коргоо боюнча прокуратурасы билдирди.

Маалыматка караганда, убагында жүргүзүлгөн куткаруу иштеринин натыйжасында 33 дельфин кайра сууга кайтарылып, 21 дельфин өлүп калган.

Адистердин баамында, дельфиндердин жээкке чыгып калышына башка түрдөгү дельфиндердин кол салуусу себеп болушу мүмкүн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
abon
2018-02-15 12:14:34
бечара дельфиндер суунун жаман болуп кеткенине чыдабай калган окшойт.
+5
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан