Азербайжандык актриса Несрин Жавадзаде белгилүү голливуд актёру Антонио Бандерас менен тасмага тартылат. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка караганда, Несрин Жавадзаде белгилүү режиссёр Педро Альмодоваранын жаңы тасмасында Антонио Бандерас менен бирге башкы каармандын ролун ойномокчу.
Азыркы тапта тасманы тартуу иштери башталганы менен, бирок кино кайсы жанрда жана аталышы кандай экени сыр бойдон калууда.