Ош облусунун Ноокат районундагы ЮКЦ цемент заводуна жергиликтүү жашоочулар нааразы. Бул тууралуу 15-февралда Жогорку Кеӊештин жалпы жыйынында депутат Зиядин Жамалдинов айтып, өкмөттү бул окуяга көӊүл бурууга чакырды. Депутат аталган завод цементти жергиликтүү элге 5 сом 10 тыйындан сатса, Өзбекстанга 2 сом 70 тыйындан сатып жатканын айтат.
"Мынчалык чоӊ айырма болбошу керек. Жергиликтүү элдин айтымында, завод Өзбекстандын 3 фирмасына цемент жүктөп бүтмөйүнчө башкаларга жүктөбөй күттүрөт экен. Завод Кыргыз өлкөсүнүн экологиясын булгап жатат, бирок жергиликтүү элдин кызыкчылыгында иштебей жатат. Бул маселени өкмөт тез арада чечсин. Болбосо эл өзүбүз талап кылып чыгабыз деп жатат", - дейт Жамалдинов.