Бакыт Төрөбаев өкмөт жаңы кабыл алынган Конституция боюнча мыйзамдарды алып келбей жатканына нааразы болду

"Өнүгүү-Прогресс" фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев өкмөт жаңы кабыл алынган Конституция боюнча мыйзамдарды алып келбегенин айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 15-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

"Жаңы Конституция кабыл алынды. Баш мыйзам кабыл алынгандан кийин анын негизинде мыйзамдар кабыл алынат. Өкмөт Конституциянын негизиндеги мыйзамдарды алып келиши керек. Сот системи багытында бир топ мыйзамдарды өзгөртүш керек. Өкмөт жөнүндө мыйзамга өзгөрүү кириши зарыл. Конституцияда мыйзамдар ийне-жибине чейин жазылбайт да, мыйзамда жазылат. Ошого жараша өкмөттөн бир топ мыйзам келиш керек болчу, бирок келген жок. Жогорку Кеңештин күн тартибинде 4-5 маселе гана турат. Өкмөттөн мыйзамдар келген жок", - деди Төрөбаев.

Мындан тышкары эл өкүлү Кант шаарын суу каптап кетиши мүмкүн экенин айтты. "Кант шаарын суу каптап кетиши мүмкүн. Бул боюнча мага кайрылуу келди. Дренаж казуу керек. Казылбаса Кант шаары суу астында калуу коркунучунда", - дейт Төрөбаев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан