10-июнда Жалал-Абад облусунун тургуну сууга чөгүп каза болду. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди. Маалым болгондой, Сузак районундагы Жар-Кыштак айылында болжол менен саат 17:50дө Төбөй айылынын тургуну 1986-жылы туулган Бакыт Жоробаев “Кемпир-Абад” каналына сууга түшүп жатып чөгүп кеткен. Окуя болгон жерге Жалал-Абад шаардык куткаруу кызматынын 4 куткаруучусу барышып, саат 20:30да Жоробаевдин жансыз денесин таап чыгышып, туугандарына өткөрүп беришкен.