АКШда убактылуу кармоочу жайдагы кылмышка шектүү шыпка жабышып, жашырынып алып полицияны издетти

АКШнын Колорадо штатынын Касл-Рок шаарында качып кеткен кылмышка шектүү адам кармалды.

Дуглас аймагында жайгашкан убактылуу кармоочу жайдын кызматкерлери 13-февраль күнү 34 жаштагы кылмышка шектүү Коди Крукердин ал кармалган камерада жок экенин көрүшкөн. Ошол замат убактылуу кармоочу жайдын аймагы курчоого алынып полиция кызматкерлери издөө иштерин жүргүзө баштаган.

Окуядан 1 саат өтпөй шыптын үстүнө жашынып алган кылмышка шектүү кармалган. Ал кантип ал жакка чыгып кеткени азыркы тапта такталууда.

Крукер абакка февраль айынын башында уурулукка жана баңгизаттарды ташууга шектелип кармалган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
luuntik
2018-02-15 17:57:00
комедия болушканго
+6
samsungc3
2018-02-15 18:22:27
Вахааааахааааа деп күлүп ийсе керектир беркилер издеп атса))))
+11
RICH.
2018-02-15 20:18:41
Человек паук реальда болгонго чиркин
+4
urmat94
2018-02-15 22:57:45
Жашынмак ойношуптур да полиция менен ))
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан