Камчыбек Ташиевдин иниси Шайырбек Ташиевге кылмыш иши козголду

“Бийликти күч менен тартып алган жана баш аламандык уюштурган” деген айып менен депутат Камчыбек Ташиевдин иниси Шайырбек Ташиевге кылмыш иши козголгонун Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди. Кылмыш иши 31-майдан 5-июнга чейин Жалал-Абад шаарында болгон митингдин негизинде козголду. Териштирүү иштерин УКМКнын жана ИИМдин тергөөчү топтору жүргүзүшүүдө. Иликтөө иштеринин натыйжасында мындан сырткары Медер Үсөновго, Жеңиш Токторбаевге, Абсатар Сыргабаевге, Азимбек Жумашевге жана Айбек Сулаймановго карата кылмыш иши козголгон. Күнөөлөнүп жаткан жарандарды өлкөдөн эч жакка чыгарбоо тууралуу чечим кабыл алынды. Ал эми Медер Үсөнов Жалал-Абад шаарынын тургундарынын кепилдиги менен коё берилди. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
Lion-x
2013-06-11 13:51:40
Туура жазалаш керек, кутуруп кетишти.
0
kyrgyzmyn-0893
2013-06-11 14:11:36
Lion-х буларды канттип жазалайт.качанкы Камчыбек Ташиевдин иши ушул убакка чейин созулгандан кийин.булдардын да иши качан буторуно козум да жетпейт.соттор озунун созун озу таап суйлой алышпай жататго.
0
Aruuzat-19_21
2013-06-11 15:12:43
Мммм.... ушу кресло, бийлик, акча деп журуп биздин чондор акылынан айныштыго. Камчы аке отурат, Турсунбек акун коркутуп журот катынын коркуткандай, ушундан коро элди койгойун ойлошсо болмок... Анан да тириликтери булардын оздоруно жетмек тургай ашат... анан дагы не жетишпейт билбейсин да... Это может для них в кайф....
0
Asul
2013-06-11 16:34:42
Элди алдап эптеп креслого жетип алышып, кайдан кордум кара эшек кылышууда. Ушуну алдангандар сезип жатышат бекен азыр. Акчасына эмес иштеген иштерине карап добуш беришсе биз мынчалык кыйналбайт белек. Акча менен шайлоодон откондордун патриоттук сезими жок болот негизи. Бирдеме болсо башка олкого кетип калышат...
0
PROS
2013-06-11 16:57:31
Зектердин олкосуно айланат го КР жакынкы жылдарда!
0
bakaika
2013-06-11 21:13:18
Бул жакта журуп биз уялабыз, башка улуттагылар кыргыздар жонундо обсуждать этишсе. бийликте отурган адамдардан азыркы.
0
tabyshmak
2013-06-12 10:29:39
"Кыргызстан" болбой эле "Кыргыныстан" болуп калды го, биринин этин бири жеп...
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан