Бүгүн, 15-февралда парламент жөнөкөй кызматкерлердин айлыгын индексациялоо боюнча мыйзам долбоорун четке какты.
Мыйзам долбоорунун демилгечиси, депутат Максат Сабировдун айтымында, азыркы учурда азык-түлүк наркы жана башка тейлөө кызматтарынын кескин кымбаттап жаткандыгына карабастан, калк кирешелерин ошого жараша индексациялоо чаралары көрүлбөй жатат. Ошондуктан депутат кирешелерди жылына инфляция өлчөмүнө жараша индексациялап туруу талабы сунушталып жатканын билдирген.
Бирок өкмөт бул мыйзамды ишке ашыруу үчүн бюджетте каражат жоктугун билдирген. Мыйзам ишке ашса 3 миллиард сом керектелмек.
Жыйынтыгында мыйзамды четке кагуу боюнча добушка коюлду. 58 депутат “макул”, 50 эл өкүлү “каршы” деп добуш берди. Мыйзам долбоору четке кагылды.