Бишкекте мыкаачылык менен өлтүрүлгөн аялдын жансыз денеси табылды

Бишкек шаарында киши колдуу болуп каза болгон аялдын сөөгү табылды. Бул тууралуу Бишкек шаардык Ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматтар боюнча, 15-февраль күнү саат 08:30да "102" кызматына Бишкек шаарындагы үйлөрдүн биринен белгисиз аялдын жансыз денеси табылганы тууралуу маалымат келип түшкөн. Окуя болгон жерге ыкчам иликтөө тобу барганда болжол менен 25-30 жаштардагы денесине оор залал келтирүү менен өлтүрүлгөн аялдын жансыз денеси табылган.

Бул окуя боюнча "Адам өлтүрүү" беренеси менен кылмыш иши козголду.

"Иликтөө иштери жүрүп жатат, жанында документтери жок болгондуктан азырынча каза болгон аялдын өздүгү тактала элек", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
kazakov1991
2018-02-15 21:26:40
Суйушкондор кунун катуу майрамдашканго
+1
zhykyo
2018-02-15 22:08:23
Мм
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан