Канадалык дизайнер Матия Эрцег бир эле мезгилде адамдардын көңүлүн өзүнө буруп, ошол эле убакта аларды жийиркенте алат. Кантип дейсизби? Адамдардын көңүлүн айныткан фотошопторду күнүмдүк жашоодо колдонулуучу буюмдар менен тамак-ашты бириктирип, өзгөчө эмгектерди жаратуу менен. Дизайнердин ары кызыктуу, ары жагымсыз сүрөттөр топтомунан айрым сүрөттөрдү сунуштайбыз.
Матия Эрцегдин Инстаграм баракчасында 44 миңден ашуун катталуучусу бар. Алар дизайнердин жаңы эмгектерин чыдамсыздык менен күтүшөт. Сүрөттү көргөндөрдүн жарымы "жийиркеничтүү" десе, экинчи тарабы жактырганын билдиришип, эки топко бөлүнүп алышкан.
Дизайнер эң көп жакты белгисин топтой алган белгилүү сүрөттөрүн плакат түрүндө да чыгарып күйөрмандарына сатат.
Матия Эрцегдин өзгөчө сүрөттөр долбоорунда күнүмдүк тиричиликте колдонулуучу, бирок бири-бири менен такыр айкалышпаган чийки азык-түлүк жана буюмдар гана колдонулат.
Дизайнердин фотошоп жасоодогу эң көп колдонгону чийки эт болуп саналат.
"Эт чийкиби же бышканбы эгер ал табакка салынган болсо табитти ачат. Ал эми ошол эле азык жерде жаткан болсо адамдардын жийиркенүүсүнө алып келет", - деген Матия Эрцег.