Швециянын Уппсала шаарындагы темир жол бекетинде элден адепсиз түрдө билетке акча сурап жаткан селсаякты полиция кармап кеткен. 55 жаштагы адамды бөлүмгө алып барып текшерүүгө алганда чөнтөгүнөн 5,5 миллион швед крону табылган (40 миллион сомдон ашуун). Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
"Акчанын баары чөнтөгүндө болгон. Селсаяктын ири суммадагы акчасы болгондугу жана көчөдө чөнтөгүнө салып жүргөндүгү шек жаратат. Анан дагы, ушунча акчасы болуп туруп адамдардан билетке акча сураганы акылга сыйбаган көрүнүш", - деген жергиликтүү полициянын жетекчиси.
Учурда ал адам акчаны кайдан алганы, лотереядан утуп алганбы же тонолгон акчабы иликтенип жатат. Кармалган жаран бошотулабы же иши сотко өткөрүлөбү, бардык жагдайлар териштирилип бүткөн соң чечиле турганы маалым болгон.