10-июнда жоголуп кеткен 3 жашар Айназик Акылбекова бүгүн, 11-июнда табылганын Чүй ОИИБинин басма сөз кызматы билдирет. Кызынын жоголуп кеткенин айтып 33 жаштагы Марина Мырзатиллаева Панфилов РИИБиге кайрылып, "саат 20:50дө үйдөн чыгып, дайынсыз жоголду" деп арыз жазган. Укук коргоо кызматкерлери ыкчам иликтөө жүргүзүп, жоголгон кыз Панфилов айылындагы көчөлөрдүн биринен табылды. Учурда бул факты боюнча тергөө иши жүрүп жатат.