Жаңы рекорд: Индиялык окуучу роликти жөргөмүш сымал тээп, 39 автоунаанын алдынан өткөн

6 жаштагы индиялык окуучу Гаган Сатиш роликти жөргөмүш сымал тээп, 39 автоунаанын алдынан өтүп жаңы рекорд жасады. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалым болгондой, унаалардын алды менен 70 метр аралыкты басып өтүү үчүн ага 29 секунд гана керектелген. Машинанын алдында кетип бара жатканда Гагандын бети жерден 13 сантиметр өйдө болгон. Күн сайын ролик тебүү менен алектенген бала бул өнөрдү өзү үйрөнгөн. Ал ушундай эле абалда коньки да тебе алат.

Гагандын мындай кереметин көргөндөр ага спорт менен машыгууну сунушташкан. Учурда ал унаалардын санын көбөйтүп, ылдамдыкты да жогорулатуунун аракетин көрүп жатканы айтылат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
kechirmeni
2018-02-16 09:31:52
Ишине ийгилик! Бирок абайласын. "Оюндан от чыгат,осурактан бок чыгат" дегендей кокустук болуп кетпесин!
+9
momun74
2018-02-16 10:26:35
шириндигин кара...
+4
abzhaparov17
2018-02-16 18:55:14
Супер инфо бул 3жыл мурунку жанылык экенго
+1
Zainidin96
2018-02-17 02:00:14
Азаматсын Алла Таалам колдосун
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан