Кечээ, 15-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында шаар мэрлерин шайлоо тартибин өзгөртүү боюнча мыйзам долбоору 3-окууда каралды.
Маалыматка ылайык, шаар мэрлерин, айыл өкмөт башчыларын шайлоодо айрым фракциялар жана депутаттык топтор саясий көз караштарынан жана жеке кызыкчылыктарынан улам бойкот жарыялоо аркылуу атайылап кворум болтурбай койгон учурлар бар. "Муну менен алар жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын башчыларын шайлоону үзгүлтүккө учуратышат. Бул жагдайга байланыштуу мыйзам долбоору менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилерин шайлоо үчүн талап кылынган депутаттардын минималдуу санын аныктоо сунуш кылынууда. Мыйзам долбоорунда кворум үчүн жергиликтүү кеңештин депутаттарынын жалпы санынын үчтөн экисинин ордуна көпчүлүк депутаттардын катышуусу каралууда", - деп жазылат маалыматта.
Мыйзам долбоору өкмөт тарабынан демилгеленген.
Жыйынтыгында, депутаттар мыйзамды жактырышты.