Бүгүн, 11-июнда уланып жаткан “ата журтчу” 3 депутат боюнча сот ишинде мамлекеттик айыптоочулар башкы прокурор Аида Салянова бошобой жаткандыктан отурумга келе албай тургандыгын айтышты. Буга айыпталуучу депутаттар “башкы прокурор өзүнүн бизге койгон айыптарынан баш тартып жаткандай сезилип жатат. Демек, ал өзү мыйзамды билбейт. Ушул жерге келгенде эмне деп сүйлөп, эмне деп жооп берем деп ойлонуп жатса керек. Ал келбесе деле сот ишин уланта берели” деген пикир айтышты.