Кыргызстанда өткөн суткада 10 өрт кырсыгы катталды
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен маалым болгондой, Кыргызстан боюнча өткөн суткада 10 өрт кырсыгы катталды. Анын ичинен Бишкек шаарында, Чүй жана Жалал-Абад облусунда 1ден өрт чыкса, Ысык-Көл облусунда 4, ал эми Ош облусунда 3 өрт фактысы белгилүү болду.