“Ата журтчу” 3 депутат боюнча өтүп жаткан сот процессинде мамлекеттик айыптоочулар кылмыш ишке байланыштуу күбө Нуржамал Осмонкулова аттуу жарандын берген көрсөтмөсүн окуп коюуну төрагалык кылуучу судьядан суранды. Жактоочулар Н.Осмонкулованын бул көрсөтмөсү жокко чыгарылгандыгын айтышып, аны укпай эле коюуну белгилешти. Бирок ал окулду. Анда Осмонкулова депутаттар Камчыбек Ташиев жана Садыр Жапаровдун 3-октябрдагы митинг учурунда бийликти жамандап, “азыркы бийликти алып түшүү керек” деп сүйлөшкөндөрүн уккандыгы жазылган.