Ырчы Нурсултан Азыкбаев Аяна Касымова менен сүйүү мамилесинде деген кепти четке какты

Жаш аткаруучулар Нурсултан Азыкбаев менен Аяна Касымованын акыркы учурда чогуу түшкөн сүрөттөрү талкуу чордонунан түшпөй келет. Социалдык тармактын колдонуучулары Аяна менен Нурсултандын ортосундагы махабат мамилесине кызыкдар. Алтургай, айрым маалымдоо каражаттары жаш ырчылардын сүйүү мамилесин курганына 1 жыл болгонун да жазып чыгышкан.

Эгиз козудай ээрчишип, сүрөттөргө чогуу түшүп, телеберүүлөргө барып жүргөндөрүн көрүп, чын эле кыз-жигитпи деген суроо жаралды. Табышмактуу махабаттын күнөөкөрү Нурсултан Азыкбаев SUPER KG порталына жооп берди.

"Аяна экөөбүз жеке жашообузду, сүйүү мамилебизди жашыруу тууралуу сүйлөшкөнбүз. Учурда бизди достук жана чыгармачылык гана байланыштырып турат. Ал эми чогуу түшкөн сүрөттөрүбүз кийимдерди жарнамалоо үчүн тартылган. Эгер сүйүүмдү таап, мамиле курсам аны ачык эле айтам", - деди ырчы мырза

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (19)
nemo2016
2018-02-16 21:09:05
Аман эле болгула ырчылар
+7
Arlenchik
2018-02-16 21:51:35
Булардын кыз-жигит болгонунун же болбогонунун кимге кызыгы бар?) баары бир эмесби.
+15
Begaiko
2018-02-16 22:06:04
Эмне үчүн мен жазган комментарий аягыначейин толук чыккан жок
+4
2018mt
2018-02-16 22:22:09
Бул эмнеси???! Биз экообуз суйуу мамилебизди жашыруу тууралуу суйлошконбуз деп кайра доспуз дейби я
+2
nuri1
2018-02-16 23:16:42
Мындай жанылыкты бир эле супер инфодон уга алабыз. Суйушкондор коп болсун.
+4
Kirajsjk
2018-02-16 23:17:04
Oi silerdin ortonordo suiu barbi jokpu ech kimdi kiziktirbait.Jon ele aityp koigulada achigin
+2
Djumahmatov
2018-02-16 23:30:00
Мына сага дагы бир ырчы чыкты буюрса мен дагы кыш бекерчиликте ырчы болуп алсамбы голос жок менде боло беретко э кандай карайсынар туугандар супер ге чыгып журуп популяр болуп алмакмында супер.кг мага окшогон ырчыларды чыгара беришет турбайбы
+1
AKCAHAT
2018-02-16 23:31:06
Аяна тоок суйуу экен, Айыма азамат кыз токтоо эстуу корунгон ырчы жигит мн ээрчише бербейт
+1
Rasul94
2018-02-16 23:56:39
бул кыз дагы эжелерине окшоп
жанылыкка тез тез чыга берет окшойт
+2
wirintai27
2018-02-16 23:57:29
Бобок эмес булар экообузду сууга алып барып суугарбай келет
+1
Kubinis
2018-02-17 00:23:04
Куйоомандарынарды жоготуп алабыз деп корктунарго. Аларга да чын журоктон баарыбир болуш керек
+3
Benazir08
2018-02-17 02:17:30
Сен интелегенттуу уйбулодонсун иним бактынды тап азыр сага ээрт. Бирок сен Аянаны Нурлан Аселди албай эле койгулачы. Сен ала турган кыз ата энеси мн билимин оркундотуп турлонтуп тамак кылыыып уйундо гана отурат тартиптуу кыз туш болсун бактылуу бол
+1
bekub1473kg
2018-02-17 23:54:24
Аяна капа болбо сени озум алам
0
admin_superstan
2018-02-19 10:00:05
Akniet_kg96, Nendi15, адамдын намысына шек келтирген сөздөрдү жазууга тыюу салынат. Эскертүү!
0
admin_superstan
2018-02-19 10:03:44
gulmi, баш тамгалар грамматика эрежелерине ылайык гана колдонулушу керек.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан