АКШда эне аутист кызын айыктырам деп агартуучу химиялык каражаттарды ичирип жүргөн

АКШнын Индиана штатынын Индианаполис шаарында аутизм менен жабыркаган кызын агартуучу химиялык каражаттар менен айыктырууга аракет кылган аял кармалды. Баш мээнин өсүшүнүн бузулушунан келип чыккан оорудан айыктырып алам деген энеси кызынын ичкен суусундугуна химиялык аралашмаларды кошуп, ичирип жүргөн.

Чет элдик басылмалардын маалыматы боюнча, укук коргоо кызматкерлерине кызын өзгөчө ыкма менен дарылап алам деген аялдын жолдошу кайрылган.

Маалым болгондой, 28 жаштагы аял социалдык тармактардан химиялык тазалоочу каражаттар менен аутизмди дарылоого мүмкүн деген маалыматты окуган. Ошондой эле бул теманын айланасында ар кандай топтордун мүчөлөрү дагы химиялык каражаттын жардамы менен онкологиялык ооруларды, аутизмди, гепатитти жана СПИД ооруларын дарылоого мүмкүн деген ишенимин билдиришкен.

Учурда укук коргоо кызматкерлери кыздын ууланышын иликтеп жатышат. Ал эми жабыркаган кыз социалдык кызматтын өкүлдөрүнүн карамагына алынган.

АКШнын аутизм борборунун президенти Шерри Куинн: "Аутизм менен жабыркагандарды айыктыруучу дары каражаты жок. Ошондон улам көпчүлүк ата-энелер өз алдынча дарылап баштайт. Бирок аутисттерди айыктыруу мүмкүн эмес", - деп чет элдик телеканалдардын бирине билдирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
ziash85
2018-02-16 22:21:12
Эне да байкуш.айыкпайт деп врачтар айткандан кийинки айласыз кадамы турбайбы.....балким айыгаар дегендир.эч бир эненин наристеси оорубаса экен ылайым
+19
Kirajsjk
2018-02-16 23:15:36
ushul ayikpait degen soz jamanda...ene baikush kolunan kelgenin kiliptirda...vrachtarga koz karandi kilbsin eech kimibizdi
+3
Bobina
2018-02-17 00:47:14
Айыкпа оору жок
-2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан