Өзбекстан төшөктө жатып алып ырдоого тыюу салды
Өзбекстанда денесине сүрөт тарттырып алгандардын жана төшөктө жатып алып ырдагандардын музыкалык клиптерин көрсөтүүгө, аларды жайылтууга тыюу салынды. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка караганда, клипте улуттук менталитетке жана адамдык баалуулуктарга каршы келген видеокадрлар болбошу керек. Ошондой эле ырларда, клипте терроризмди, аракечтикти жана баңгиликти чагылдырууга тыюу салынган.
"Жаңы талап боюнча, эми Өзбекстанда эркектерге аялдардын кийимин кийип, кооздуктарын тагынып сахнага чыгууга болбойт. Аялдардын дене-башын ачык көрсөткөн кийимдерди кийип клипке тартылып, сахнага чыгуусуна да тыюу салынды. Бул тартип 2018-жылдан тартып ишке кирди жана анын ишке ашышын мамлекеттик деңгээлде түзүлгөн көркөм кеңеш көзөмөлгө алат", - деп жазылат маалыматта.