Дональд Трамптын эски сүйүүсү ачыкка чыкты

Чет элдик басылмалардын бирине АКШнын президенти Дональд Трамптын "Playboy" журналынын модели Карен Макдугал менен бир нече жыл мурда болгон сүйүү мамилесин баяндаган макала чыккан. Макаланын автору Ронан Фэрроу буга чейин Голливуд продюсери Харви Вайнштейн тарабынан сексуалдык зомбулукка кабылгандар тууралуу да иликтөө материалдарын даярдаган.

Бул ирет журналист президент Дональд Трамп менен модель Карен Макдугалдын мындан 10 жыл мурда курган мамилесинин айланасында иликтөө жүргүзүп, маалымат берди.

Карен Макдугал менен Дональд Трамптын мамилеси тууралуу маалымат 2016-жылы жаңы өлкө башчысын шайлоо алдында чыккан. Жергиликтүү басылмалардын бири "National Enquirer" Макдугалдын президент менен болгон мамилесин коомчулукка жарыялоо үчүн ага 150 миң доллар сунуштаган.

"Жылдын бийкечи" деген макамды алып жүргөн Карен Макдугал журналист Ронан Фэрроуго президент менен кантип таанышкандыгы, мамилелери тууралуу айтып берген.

"2006-жылы «Кандидат» телешоусун тартуу учурунда Трамп дагы болгон. Кечеде Дональд Трамп модель айымга назарын салып, мамиле курууга жетишкен. Биринчи жолугушуусу "The Beverly Hills" мейманканасында болгон", - деп жазылган маалыматта.

Карен Макдугалдын айтымында, алардын мамилеси 10 айга созулуп, бул убакыт аралыгында байма-бай жолугушуп, алтургай, чет өлкөлөргө да барып турушчу. Ошондой эле модель Трамптын үй-бүлө мүчөлөрү менен да таанышып, алардын үйүндө мейман болгонун билдирген.

Ал эми Дональд Трамп бул маалыматты четке кагып, модель менен эч кандай байланышы жок экендигин айткан. Ак Үйдүн маалымат кызматы болсо бул окуяны "фейк" кабар деп билдирген. Өз кезинде Карен менен келишим түзгөн компания моделдин айткандарын так маалымат деп эсептебегендиктен маалыматты чыгаруудан баш тарткан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Pchelka85
2018-02-17 10:56:45
Откондо Фэрроудун интервьюсун окудум эле. Харви Вайнштейн жондо кантип, канча жыл иликтегенин. По крайней мере, журналисттин созу боюнча, ал бир теманы алса тыккан, дыкаттык менен ар тараптуу изилдээрин аайткан. Ал биздин журналисттерге окшоп, бироодон ушак угуп алып эле сенсация кылып жиберчу журналист эмес. Тем более,тема президент жондо болуп атса....
+2
Pchelka85
2018-02-17 11:01:32
Вайнштейндин ишин ды жылдап изилдеп, ар бир жабырлануучу менен "Лично" суйлошуп коргон экен. Фэрроуду Вайнштейндин кишилери коркутуп да корушуптур. Акча предлогать этип да корушуптур...мен ойлойм, "если это Фэрроу, значит он знает что делает"....
+1
AKCAHAT
2018-02-17 16:45:11
Трамп негизиле олуттуу адам эмес, оз кызына одоно коммент берген атадан эмнени кутосун. Типа кызы эн сулуу айым эгер кызым болбогондо аны мн созсуз мамиле курмакмын,дос кызым болмок деп тантыган. Дуйнодогу эч кайсы президент мынчалык аягы суюк эмес
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан