ЖЫЛНААМА, 17-ФЕВРАЛЬ: 4 жашынан тарта ат жалында жүргөн актриса Келли Карлсон 42 жашта

Ат үстүндөгү балалык

Америкалык модель, "Дене бөлүгү" сериалындагы ролу менен белгилүү болгон актриса Келли Карлсон 42 жашка толду. Ал 1976-жылы 17-февралда АКШнын Миннесота штатында төрөлгөн. Атасы мектепте дене тарбия сабагынан мугалим, апасы чачтарач болуп эмгектенишкен. 4 жашынан тарта ат үстүндө жүрүү боюнча спорттун түрү менен алектенген. Болочокто актриса болууну максат кылган Келли "Academy of Holy Angels" (Ыйык периштелер академиясы) жеке менчик мектебинде билим алган.

Жарнама. Театр. Кино, карьера

Келли Карлсон кино дүйнөсүнө чейин "Miller Lite", "Rembrandt", "Oliver Peoples Sunglasses" компанияларынын жарнамаларына тартылган. Андан кийин "Шарлоттанын желеси" жана башка спектаклдерде роль жараткан. Театрдан жанган талантынан соң "Грейслендге чейин 3000 миль" тасмасынын массовкасына катышат.

2003-жылы "Дене бөлүгү" тасмасында роль жаратууга чакырылат. Сериалда Кимбер Генри деген моделдин образын ачып берип, көрүүчүлөрдүн сүймөнчүгүнө айланган. Ушул сериалдан кийин актриса режиссёрлордун көзүнө түшкөн. "Деңиз жөө аскери", "Папарацция", "Келиндин досу" тасмаларында, "Кылмыштын аймагы - Майами", "Тыңчы Монк" сериалдарынын жылдызы боло алган.

2007-жылы "Maxim" журналы Дүйнөнүн эң сексуалдуу 100 айымынын катарына кошсо, 2011-жылы "Tear Sheet" журналы актрисаны Дүйнөнүн сулуу делген 50 атактуусунун тизмесине киргизген.

Актриса Миннесота штатындагы "Smile Network" (Жылмаюу тармагы) гуманитардык уюмунун өкүлү. Бул уюм балдардын ден соолугун, муктаждыгын камсыздоо менен алектенет.

17-февралга карата жылнаама.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Nevestkaa
2018-02-17 08:15:58
2-сүрөттө өлүптүр го алдынан кара артынан кара дегендей.
+1
abon
2018-02-17 16:36:19
18+ жанылыгы болуп калыптырго
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан