Австралияда 19 жаштагы аңчынын жаагын кенгуру сындыра тепти. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка караганда, 19 жаштагы Жошуа Хайден агасы менен кенгуруга аңчылыкка чыгышкан. Качып бараткан кенгуруларды унаа менен кууп барып атарда, баш сөөгүнө тийген катуу соккудан аңчы жарым мүнөттөй эс-учун жоготот.
Жошуа алгач жанында бараткан агасы чаап жиберди деп ойлогон. Көрсө, окуя мындай болуптур, башка кенгуруну атмакчы болуп алаксып баратканда унаанын үстүнө чыга калган кенгуру алдыңкы айнектен Жошуаны тээп жиберген, натыйжада жаш аңчынын жаагы сынып кеткен.
Жаагы шишип кеткендиктен Жошуага операция 10 күндөн кийин жасала турган болгон.