Бишкек шаардык сотунда депутаттар Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров жана Талант Мамытов боюнча кезектеги соттук отурум өтүп жатат. Анда "Кумтөр" маселесине байланыштуу 2012-жылдын 3-октябрында өткөн митинг боюнча видеотасманы көрүү сунушу айтылып, буга айыпталуучу депутаттар каршы болушту. “Митинг тууралуу видеотасманы бардык телеканалдар көрсөткөн. Алардын баарын кайрадан көрүп отуруунун кажети жок”,- деди айыпталуучу Садыр Жапаров. Сот залындагылардын макулдугу менен сот ишине төрагалык кылуучу судья видео-материалды көрбөй эле коюу чечимин кабыл алды.